Биз менен байланышыңыз

Der Spiegel: Сирияда эң чоң апаат эми башталат

Дүйнө | 7 Июн 2019 | 1061 | 0

Көпчүлүк Сирияда согуш бүттү деп эсептегени менен, эң негизги апаат эми болорун германиялык «Шпигель» басылмасы жазды. Тагыраак айтканда, учурда Сириядагы оппозиция көзөмөлдөгөн Идлиб аймагында 3 миллион адам азык-түлүк жетишсиздигинен жабыркап жатат.

Эгер алардын абалын жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулук аракет көрбөсө, миллиондогон адам ачкачылыктан өлүп, бул жаңы кылымдагы эң чоң трагедияга айланат, — дейт «Шпигель» басылмасы.

Идлибдеги 3 миллион адамдын бир миллиону жаш балдар. Ошондой эле, калган көпчүлүк бөлүгүн аялдар түзөт. Эгер алар тамак-аш менен камсыздалып, кризистен чыгаруу жолдору каралбаса, ачкачылыктан каза болуу коркунучу турат. Бул Японияда 250 миң адамдын өмүрүн алган цунами апаатынан да чоң масштабда болушу мүмкүн.

Ошондой эле, Европага болгон качкындардын дагы көбөйүүсү күтүлөт, — деп жыйынтыктайт германиялык басылма.

Copyright © 2017 Maral FM