Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы атышуу Борбор Азиянын коопсуздугун эске салды

Коом | 8 Ноя 2019 | 652 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасындагы өткөрмө бекетке болгон кол салууну айыптады. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажикстандык кесиптеши менен сүйлөшүп кол салуунун кесепетинен каза тапкан аскерлердин жакындарына көңүл айтты. Бул кол салуу эмнеден кабар берет? «Ислам мамлекети» террордук уюму эми Борбор Азияга ачык коркунуч жарата баштадыбы? Мындай жагдайда Кыргызстан өз коопсуздугу үчүн эмнелерди кылышы керек?

5-ноябрдан 6сына караган түнү Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы чек ара бекетке куралдуу кол салуу болуп, 17 адам каза тапты. Анын экөөсү аскер кызматкери, калганы террористтер. Тажикстандын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети чабуул жасагандар «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү болгонун расмий билдирди. Ал эми Кыргызстан кошуна өлкөдөгү бул жагдай боюнча кандай реакция жасаганын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев төмөнкүдөй айтып берди.

-Кыргыз тарап мындай актыларды айыптайт жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында региондун өлкөлөрүнүн биргелешкен күч-аракеттерине бекем колдоо билдирет.

Тажикстандагы бул окуядан соң «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү Борбор Азияга келгенин ачык жарыяладыбы?- деген суроо күндүн темасына айланды. Коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Марат Иманкулов аталган террордук уюм Борбор Азияга эчак эле кирип, кооптуулук жаратып жатканын жашырган жок. Эгерде бул ишти Борбор Азия өлкөлөрү дыкат карабаса, абал курчуп кетери анык деген ойдо.

-«Ислам мамлекети» террордук уюму келдиби деген белги эмес, булар мурун эле келишкен. Алар Борбор Азияга өзүлөрүнүн жумурткаларын таштап, адамдарын киргизип жатышат. Маал-маалы менен алардын кишилери кармалып жатат. Мына Сирияда Борбор Азиядагы мамлекеттерден маселен Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын 1000ден ашуун жарандары жүрөт. Бул нерсенин баарын учурда айдан-ачык эле көрсөтүп калбадыбы. Биздин жарандарды алып барып, согушкер кылып даярдап жатышат. Мен бул маселени көптөн бери айтып эле келе жатам. Экстремизм жана терроризм-бул реалдуу коркунучтардын бири. Ошон үчүн бул топко кошулбаш үчүн мамлекеттин ичинде абдан масштабдуу түшүндүрүү иштери жүрүш керек. Коомду туура багытка буруп, кийин өкүнүп калбагандай кадам таштоо зарыл болуп жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков чек ара бекетке куралдуу кол салуудагы окуяда, террористтер Тажикстанга чейинки чек арадан кантип өткөнүнө кызыкты. Медетбековдун баамдашынча кол салгандарга Тажикстандын чек арасында иштеген адамдар же укук коргоо адамдары жардам берген болушу мүмкүн.

-Алар жакынкы чыгыштан Борбор Азияга кирип, чаң-тополоң чыгарабыз деген оюн айтып, ага жараша кадамдарды жасап жатканы байкалып жатпайбы. Ооганстандын Кундуз провинциясында көптөгөн «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү ал жакка чогулуп, жашап жатышат. Ал эми Тажикстан менен Өзбекстан чек ара бекетинде болгон кол салуу да буга тийиштүү. Бирок бул окуядан эч коркуунун же чочуунун себеби жок. Анткени бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн канчалаган жарандар Сирияга кетип жатышат. Ушул нерсе кооптуу. Анткени бул көрүнүш мамлекеттерге потенциалдуу түрдө чоң коркунуч келтирет. Кайрадан Тажикстанда болуп өткөн окуяга кайрыла турган болсок, бул жерде өтө кызыгы террористтер чек аралардан кантип өткөн?-деген суроо пайда болот. Буга ошол мамлекеттин укук коргоо органдары же ошол жактагы чек ара кызматкерлери жардам бериши мүмкүн.

«Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү кошуна өлкөлөрдө гана эмес, Кыргызстанда да тымызын жайылган. Мындай пикирди саясат талдоочу Орозбек Молдалиев билдирди. Бирок коркунуч коңгуроосун каккан бул окуя боюнча Кыргызстандын ИИМи, УКМКсы жана өкмөтү эч кандай реакция кылбай жатканына таң калды. Ал эми ТИМ болсо, бир гана расмий маалыматтарды ММКга таратуу менен тим болууда. Бул жагдайда Кыргызстан да терроризмдин алдын алуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүүсү керек деп эсептейт.

-Албетте, «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү Кыргызстанда бар. Алар бул жактагыларга террористтик акцияларды жасай бергиле, силер жихаттасыңар деп тымызын иштер жүрүп эле жатпайбы. Мына жада калса токсондогу кемпирлер баш болуп, Сирияга көчүп жатса, албетте, алардын таасири биздин мамлекетте бар деген белгини берет да. Бул жерде коомчулук тынчсызданып, алдын алуу иштерин жасашыбыз керек. Бирок ТИМ расмий маалымымат таратканы менен, башка күч түзүмдөрү эч кандай реакция кылбай жатпайбы? Бул маселеге олуттуу карап, азыртадан иш-аракеттер жүрбөсө кийин кеч болуп калат. 

Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү тажик-өзбек чек арасындагы чек ара тозотуна «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү делген 20 чакты адам куралчан бастырып кирип, натыйжада алардын 15и өлтүрүлгөн.  Бул кол салуу тажик президенти Эмомали Рахмон жана 20дай министр расмий сапар менен Европада жүргөн учурга туш келди. Тажик расмийлеринин бул сапары 12-ноябрда аягына чыкмак.

Copyright © 2017 Maral FM