Биз менен байланышыңыз

ТИМ түрк элчисин «тартипке» чакырды

Кыска кабар , Саясат | 6 Июн 2019 | 771 | 1

Сокулук районунун Орок айылындагы жаңжал учурунда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын элет тургундары менен жолукканы талкуу жаратууда. Серепчилер элчинин бул аракети дипломатиялык эрежелерге жат көрүнүш экенин айтып, ТИМ тез арада эскертүү бериши керектигин белгилешет. Ал эми эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева элчи мындан ары Кыргызстанда иштөөгө моралдык укугу жок экенин билдирди. Социалдык тармактын колдонуучулары бул Кыргызстандын ички маселеси экенин жазып, элчинин аракетин сынга алышты.

5-июнь күнү Сокулук районунун Орок айылында чыккан жаңжал учурунда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Камил Фыраттын айыл тургундары менен жолукканы талкуу жаратты. Анын окуя болгон жерде жүргөн, жергиликтүүлөр менен жолуккан видеосу интернетке тараган.

Ал эми Женгиз Камил Фырат Орок айылына элчиликте иштеген кызматкерин куткаруу үчүн келгенин айтат. Анын билдиргенине караганда, элчиликте иштеген бир кызматкер Орок айлына тууганына учурашканы келип, чыр-чатак башталып кеткенде, элчиге байланышып, жардам сураган.

— Кызматкерим ушул айылда болчу. Ал телефондон ыйлап, кол салуу болуп, терезелерди талкалап жатышканын айтты. Биз Кыргызстандын Ички иштер министрлигине кызматкерибиз Орок айлында экенин айтып, жардам берүүсүн өтүндүк. Артынан өзүбүз да келдик. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар менен да сүйлөштүк. Биз аларга колдоо көрсөтүү, оорукана жана башка маселелерине жардам берүү максатында келдик. Анын үстүнө кызматкерибиз кош бойлуу болчу. 

Социалдык тармактын колдонуучулары элчинин Кыргызстандын ички иштерине аралашууга укугу жок экенин айтышып, айрымдары кызматтан кетишин талап кылып чыгышты.

— Бул элчиге эмне жок? Биздин мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүгө укугу жок! Кетсин!

— Түрктөр эми ички иштерге да кирише баштадыбы? Анда биздин бийликтин эмне кереги бар?

— Кыргызстандык түрктөр менен булардын кандай иши бар? Элчини айдап жибергиле.

Интернетте тараган видеодон Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен элчинин кыска диалогун да көрүүгө болот. Анда Курсан Асанов Фыратка кайрылып, Орок айтылындагы коопсуздукту камсыздоого министрликтин күчү жетерин айтып, жолго салган.

— Биздин өз күчүбүз жетет. Баары толук кандуу, мыйзамдын негизинде чечилет. Булар — Кыргызстандын жарандары. Биз мыйзам чегинде чара көрөбүз.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Женгиз Камил Фыраттын мындан ары элчи катары ишин улантууга моралдык укугу жоктугун, андыктан, Кыргызстан Түркиядан элчисин алмаштырууну талап кылышы керектигин белгиледи. Эл өкүлү элчиге катуу чара көрүү боюнча Тышкы иштер министрлигине кайрылды.

— Жергиликтүү эл менен сүйлөшсөм, абдан нааразы болуп жатышат. Эл арасында: «Башка мамлекеттин элчисинин ички ишибизге кийлигишүүсүнө кандай акысы бар?» — деген түшүнбөстүктөр башталып кетерине аз калды. Бул кырдаалда Түркиянын элчилерге тиешелүү министрлиги да ойлонушу зарыл. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги катуу чараларды кабыл алышы керек. «Эки өлкөнүн мамилесин бузбайлы», — деп биринчи жолкусун кечирип койдук. Эми аша чаап кетти. ТИМ элчинин аракети боюнча Түркияга нота жиберип, Женгиз Камил Фырат мындан ары Кыргызстанда иштебеши керек. Фырат үчүн Кыргызстанда орун жок. Ал биздин ички маселелерге аралашпоосу зарыл экенин жакшы түшүнүп алышы шарт. 

Женгиз Камил Фырат өзүнүн кызматын унутуп, Кыргызстандын жараны катары жүрүп калды. Мындай бааны саясат талдоочу Орозбек Молдалиев берди. Ал жарандык иштер үчүн консулду жөнөтпөй, элчинин өзүнүн барганын да сынга алды.

— Чыр-чатак чыккан жерге барып, аралашканга кандай тиешеси бар? Ал жердегилер биздин жарандар. Түрк улутундагы, жарандыгындагы адамдар болгон чакта да, ал өлкөнүн ички маселеси болуп саналат. Бул Түркиядан жакшы сөздөрдү угуп жатат окшойт. Кайсы жерде эмне болсо эле, ошол жакта жүрүп калды. Ага Тышкы иштер министрлиги сылык мамиле жасап жатат.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги Түрк элчиси менен болгон жагдайга карата өз баасын берип, элчиге нота жолдонду. Мындай маалыматты ТИМдин маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев берди.  

— Женгиз Камиль Фырат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчинин ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарапка министрликтин нотасы тапшырылды. Министрлик элчини өз аракеттери менен Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырды.

Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимовдун пикиринде, элчинин уруш болгон жерге баруусу дипломатиялык эрежеге туура келбейт. Анын Кыргызстандын айылына барып, ички чыр-чатакка аралашуусу башка ызы-чууга себеп болушу мүмкүн. Орокто түрк жарандары жашаган күндө да, элчи айылга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин уруксаты менен барышы керек болчу.

— Эгерде кызматкери чакырган болсо, айдоочусун жөнөтсө болмок. Азыр эми, кызматкериме бардым деп айтып, ошол эле убакта Ороктун жашоочулары менен жолугуп жатканы эмнеси? Бул туура эмес. Фыратка ооз ачардагы нааразычылыгынан кийин эле ТИМ тарабынан эскертүү берилиши керек болчу. Ал кызматташууну жогорку деңгээлге алып чыккандын ордуна, жаңжал катары чыгарганы туура эмес. Эгерде элчи эскертүүлөргө көңүл бурбаса, анда катуу чара көрүү зарыл. Анын биздин ички ишибизге кийлигишүүсү бир жактан чууну колдоо катары болуп калат. 

Буга чейин 12-майда Женгиз Камил Фырат Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы уюштурган ооз ачарда муфтийге корс мамиле жасап, нааразы болгон тасмасы интернетке тараган. Андагы «Түркия 35 млн. долларлык мечит салып берсе, бизге жасаган мамилеңер ушулбу?» — деген сөздөр коомчулукта резонанс жараткан эле.

1 пикир

1 пикир

  1. таалайбек

    06.06.2019 21:10

    туркиянын элчиси эми кыргызстанда иштоого укугу жок.Туркия элчисин чакыртып алуусу керек.Салган мечитинин да кеоеги жок.Милдет кылса.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM