Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандын президенти мамлекеттик визит менен Сингапурга барат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Авг 2019 | 598 | 0

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов августун аягында Сингапурга мамлекеттик визит менен барат. Аталган визитке карата жүрүп жаткан даярдыктар тууралуу Өкмөттүн жыйынында Түркменстандын вице-премьер минстри Рашид Мередов билдиргендигин эл аралык басылмалар жазды.

Маалыматта Гурбангулы Бердымухамедовдун Түркмөнстандын Тышкы иштер минстрлигине Сингапурга болуучу мамлекеттик визитти уюштурууну тапшыргандыгы жана анын бир канча багытта эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталганы айтылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM