Биз менен байланышыңыз

Түркмөн башы Бердымухамедов Москвадагы Жеңиш парадына катышат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 506 | 0

Расмий Ашхабад Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Москвада өтө турган Улуу Ата Мекендик жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катыша тургандыгын ырастады. Бул тууралуу «Интерфакс» агентиги Түркмөнстандын Орусиядагы элчилигиндеги өздүк булактарына таянып жазды.

Бир күн мурун Орусиянын Түркмөнстандагы элчиси Александр Блохин Орусия түркмөн тараптын Москвага болгон иш сапарынын тастыктоосун күтүп жаткандыгын билдирген. Бердымухамедов 9-майда Орусиянын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Жеңиш парадына катышууга даяр экендигин маалымдаган.

Орусия элчилигиндеги булактардын айтымында, 11-июнда түркмөн тарап парадга катышуу тууралуу тастыктама беришкен.

Москвадагы Жеңиш парадына 12 мамлекеттин лидерлери барууга даяр экендигин билдиришкен. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Владимир Путин менен Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусунда билдирген.

Ушул жылдын 24-июнунда өтө турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата парадга Орусиянын бардык аймактарында кызуу  даярдыктар жүрүп жатат. Эң чоң парад Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтөт. Ага 19 мамлекеттин аскер кызматкерлери катышмакчы. Буга чейин Сербия, Казакстан жана Армения парадга келе тургандыгын тастыкташкан. Катышуучулар Орусияга келгенден кийин, COVID-19га тест тапшырышат жана Коргоо министрлигинин санаторийлерине жайгаштырылат.Аларга жалпы бир жарым миң орун даярдалган.

Copyright © 2017 Maral FM