Биз менен байланышыңыз

АКШ Венесуэланын айынан Орусияга каршы санкцияларды жандандырат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 719 | 0

Вашингтон Венесуэла бийлигин колдогону үчүн Орусияга санкция киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат. Бул тууралуу АКШнын Венесуэладагы атайын өкүлү Эллиот Абрамс жарыялады.

«Орусияга карата кандай чектөөлөрдү киргизүү тууралуу азырынча ойлонуп жатабыз, жеке же сектордук болушу мүмкүн», — деди Абрамс «Орусия менен Куба Венесуэла бийлигин колдогону үчүн Вашингтон кандай чечим кабыл алат?» деген суроолорго жооп берип жатып.

Кошумчалай кетсек, Венесуэлада жыл башынан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Өзүн утурумдук президент деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдону АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет колдосо, азыркы президент Николас Мадурону Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу чоң өлкөлөр колдоп келет.

Венесуэла бийлиги менен оппозиция акыркы жолу 8-9-июлда Норвегия бийлигинин ортомчулугунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ийгиликтүү аяктаганын билдиришкен. Бирок жыйынтыктуу эч нерсе байкалбаганын эл аралык маалымат каражаттары белгилеп келет.

Copyright © 2017 Maral FM