Биз менен байланышыңыз

Украина: Зеленский премьер-министрге Кличкону кызматтан алуу талабын койду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 539 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев шаарынын мэри Виталий Кличкону кызматтан алуу боюнча премьер-министрге талап койду. Бул маалыматты премьер-министрдин басма сөз катчысы билдиргенин бир катар басылмалар жазды.

Зеленскийдин мындай талап коюшуна Кличконун мыйзамсыз курулуш иштерине уруксат берүүсү негиз болгону айтылууда. Маалым болгондой, кечээ, 23-июлда Виталий Кличко Украинанын мамлекеттик Тергөө бюросунан суракка чакыруу алган. Сурак 26-июлга белгиленген.

Премьер-министрдин маалымат катчысы бул боюнча билдирүү таратып жатып, окуяны саясатташтырбоого чакырган.

Ал эми Виталий Кличко президент койгон талапты «ачууга алдырган келжиректик» деп атап, мыйзам чегинде күрөшөрүн айткан.

Белгилей кетсек, Виталий Кличко 1971-жылы Чүй облусунун Беловодский айылында туулган. Профессионалдык бокс боюнча дүйнө чемпиону. 2014-жылдын 5-июнунда Киев шаарынын мэри болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM