Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Армения алакасынын маанилүү маселелери талкууланды

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 461 | 0

Вице-премьер министр Замирбек Аскаров Армениялык кесиптеши Тигран Авинян менен жолугушту. Анда Евразия Экономикалык Биримдиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында эки мамлекеттин өз ара кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн Өкмөттөр жана Парламенттер аралык кызматташтыкты улантуусу маанилүү экенин белгилешти. Мындан тышкары, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканын ар кайсыл тармактарындагы реформалар тууралуу тажрыйба, маалымат алмашуу жана инвестициялык жагымдуу шарттарды жакшыртуу зарылчылыктары айтылды.

Тараптар кызматташтык экономиканын санариптешүү процесси, IT-технологиянын өсүшү, эки тараптуу соода-экономикалык алаканын кеңейтилиши сыяктуу ЕАЭБдин алкагындагы биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу багыттарында олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.

Эске сала кетсек, эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери БУУнун экономикалык жана социалдык туруктуу өнүгүү кеңешинин жогорку деңгээлдеги саясий форумунун алкагында жолугушкан.

Copyright © 2017 Maral FM