Биз менен байланышыңыз

Кайрат Иманалиев ТМККнын башкы катчысы менен жолукту

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 586 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

ТМККнын башкы катчысы Амреев Кеңештин алкагында жана түрк дүйнөсү кызматташтыгында боло турган бир катар иш-чаралар боюнча маалымат берди.  Айталы, ТМКК маданият жана спорт жаатындагы Кыргызстан жаштарынын катышуусунда ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө даяр. Ошондой эле 2021-2025-жылдарга «Түрк дүйнөсүн өнүктүрүү» жана «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы — 2040» стратегияларын кабыл алуу, Түрк Кеңеши менен биргеликте Жаш ишкерлер форумун жана Экстремизмге каршы күрөшүү форумун уюштуруу, «Түрк дүйнөсүнүн ак ниет элчилери» долбоорун ишке ашыруу пландалып жатат. Буларды айтуу менен башкы катчы иш-чараларга Кыргызстанды да жигердүү катышып берүүгө чакырып өттү.

Министр Кайрат Иманалиев өз сөзүндө ТМККнын долбоорлорун колдоого даяр экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM