Биз менен байланышыңыз

АКШ делегациясы Сирия боюнча сүйлөшүү үчүн Түркияга келди

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 479 | 0

АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри Сирия маселесин талкуулоо үчүн Түркияга келди.  Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу сүйлөшүүлөр 22-23-июль күндөрү өтөт.

Жеффри жетектеген АКШ делегациясы Анкара менен Сирия тууралуу талкууну улантуу үчүн келген. Жеффри Түркиянын коопсуздук боюнча ойлонткон суроолоруна жооп берип, Сирия менен болгон келишпестикти жөнгө салуу талкууланарын айтат. Ошондой эле, терроризм менен күрөшүү боюнча да сөз болмокчу.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын, эгерде АКШ Евфрат жана Манбиж аймагындагы сириялык күрддөрдү чыгарып кетпесе, аларга каршы коргонуу күчтөрүн колдонорун айткан. Кийинчерээк, АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө Трамп аскерлерин чыгарып кетерин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM