Биз менен байланышыңыз

Мадуро Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 493 | 0

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө сүйлөшкөндүгүн Твиттердеги баракчасына жазды.

«Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен позитивдүү жолугушуу болду. Биз кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн  жана өнүгүү үчүн бардык багытта кызматташууну жана  тажрыйба алмашууну колдоо тууралуу сүйлөштүк», — деп жазган  Мадуро.

Ошондой эле, Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков дагы Барбадостогу Венесуэланын президенти менен болгон жолугушуусу оң натыйжа бергенин билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM