Биз менен байланышыңыз

Венесуэладагы саясий кризис: Оппозициячыл Гуайдо өлкөсүнө кайтты

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 641 | 0

Венесуэланын оппозициялык лидери Хуан Гуайдо бир нече өлкөгө болгон сапарынан соң Каракаска кайтып келди. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жарыялады.

Венесуэланын Жогорку соту 2019-жылдын февраль айында өлкөдөн чыгууга тыюу салган Гуайдо үстүбүздөгү жылдын 19-январында терроризм менен күрөшүү саммитине катышуу үчүн Колумбиянын борборуна барган.

Андан ары Европанын бир нече мамлекеттерине, Канада жана АКШга сапар жасаган. АКШ президенти Дональд Трамп менен жолукту. Андан соң, АКШ Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадурону колдогон өлкөлөргө карата санкцияларды күчөтөрү маалым болду. Жолугушуу учурунда АКШ Венесуэладагы мыйзамсыз диктатурага каршы күрөшүн улантарын белгилеген.

Кошумчалай кетсек, Венесуэлада 2019-жылдын башынан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Өзүн «утурумдук президент» деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдону АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет колдосо, азыркы президент Николас Мадурону Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу чоң өлкөлөр колдоп келет.

Буга чейин Венесуэла бийлиги менен оппозиция мамилени түздөө үчүн бир нече ирет эки тараптуу жолугушуу өткөргөн. Сүйлөшүүлөр убагында жакшы өткөнү айтылган. Бирок анын натыйжасы болгон эмес.

БУУ эки тараптуу кагылышуудан 7 миңден ашык жарандын каза болгону маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM