Биз менен байланышыңыз

Венесуэла оппозициясы шайлоого катышуудан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 586 | 0

Венесуэлада 25тен ашуун саясий партиялар, анын ичинде негизги оппозициялык күчтөр, декабрдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартышты. Мындай чечим кечээ, 2-августта оппозициянын биргелешкен билдирүүсүндө айтылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

«Биз Венесуэланын элине жана эл аралык коомчулукка бир добуштан диктатуранын чакырган алдамчылык иш-аракеттерине катышпоого чечим чыгаргандыгыбызды жарыялап жатабыз» , — деди оппозициянын лидери Хуан Гуайдо Твиттерде жарыялаган «Элдик эрк» партиясынын билдирүүсүндө.

Парламент — оппозициянын көзөмөлүндө турган бирден-бир мамлекеттик мекеме. Ошол эле учурда, Николас Мадуро ишенимдүү Конституциялык Ассамблеяга өткөрүп берип, бул органдын ыйгарым укуктарын бир топ кыскарткан.

Германия, АКШ жана башка 60тай өлкө Венесуэланын убактылуу президенти катары Хуан Гуайдону тааныйт.

Вашингтондун кысымына жана өлкөдөгү өлөсөлүү экономикалык кырдаалга карабастан, Мадуро Орусиянын жана Кытайдын аскер күчтөрүнүн колдоосуна таянып, бийликте кармалып турат.

Венесуэланын Улуттук Ассамблеясына, башкача айтканда, Венесуэла парламентине шайлоо 6-декабрда өтө тургандыгын шайлоо комиссиясынын төрагасы Индира Альфонсо 2-июлда билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM