Биз менен байланышыңыз

Трамп Венесуэланын оппозиция лидерин кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 464 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэланын оппозиция лидери Хуан Гуайдо менен жолукту. Бул тууралуу Ак үй Твиттердеги баракчасына жазды.

«АКШ Венесуэладагы мыйзамсыз диктатурага каршы жана элдин декмократиялык келечегин түзүү боюнча аракеттерин улантат»,- деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Америка админстрациясы, Вашингтон жакынкы 30 күндө Венесуэлага карата жаңы аракеттерге барарын билдирген.

Кошумчалай кетсек, Венесуэлада 2019-жылдын башынан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Өзүн «утурумдук президент» деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдону АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет колдосо, азыркы президент Николас Мадурону Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу чоң өлкөлөр колдоп келет.

Буга чейин Венесуэла бийлиги менен оппозиция мамилени түздөө үчүн бир нече ирет эки тараптуу жолугушуу өткөргөн. Сүйлөшүүлөр убагында жакшы өткөнү айтылган. Бирок андан ары натыйжа болгон эмес.

БУУ эки тараптуу кагылышуудан 7 миңден ашык жаран каза болгонун маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM