Биз менен байланышыңыз

Аттан түшсө да, ээрден түшкүсү келбеген Трамптын кийинки аракети кандай болот?

Дүйнө | 24 Ноя 2020 | 838 | 0

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп шайлоодон утулганын мойнуна алган жок. Ошондой болсо да бийликти өткөрүп берүү жараянын баштоого уруксат берди.

Бул боюнча Федералдык жалпы кызматтар агенттигинин (GSA) жетекчиси Эмили Мерфи президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары аныкталган Жо Байденге кат жолдогон.

Андан көп өтпөй Трамп жеке баракчасы аркылуу Эмили Мерфиге жана өзүнүн админстрациясына кайрылып, кийинки бийликке кызматты тапшыруу үчүн керектүү аракеттерди көрүүгө чакырды.

Ошондой эле ал Мерфиге кызматын берилгендик менен аткарганына рахмат айтып, анын «демократтар» тараптан кысымга калганын кошумчалаган. Ал эми Мерфи Байденге жолдогон билдирүүсүндө эч жактан кысым болбостон, ушундай чечимге келишкенин алдын ала жазган.

«Өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн, Эмили жана анын командасына алгачкы протоколго ылайык керектүү аракеттерди жасоосун сунуштайм. Өзүмдүн командама да дал ушундай сунушта кайрылдым», — деп жазды Трамп Твиттердеги баракчасында.

Жогоруда байкаганыңыздай, Трамп бул ирет да эл алдына чыгып айтпастан, Твиттерден эле жазып коюу жетиштүү деп санады.

Вашингтондун «Politico» басылмасы жазгандай, бийликти өткөрүп берүү жараяны формалдуу түрдө башталды, жадагалса, Ак үйдөгү жогорку орунду ээлеген кызматкерлер да президенттин Твиттери аркылуу «билди».

Буга чейин президент Дональд Трамп массалык түрдө көз боёмочулук болгонун айтып, бирок далилдерди келтирген эмес. Анын негизги дооматы — почта аркылуу добуш берүү жараяны болгон.

Эксперттердин айтымында, Мичигандагы добуштар кайра саналып, анда толугу менен Байдендин жеңгени аныкталган соң, Трамптын шайлоо натыйжаларына таасир этүү үмүтү калбагандай.

Ошол эле учурда Трамп өлкө үчүн гана бийликти өткөрүп берүү аракеттерин баштаганын айтып, өзүнүн шайлоодон жеңилип калганын моюндаган жок. Мындай аракети «аттан түшсө да, ээрден түшкүсү келбеген» катары бааланууда. Ал жеңилбегенин, ак экенин далилдөө үчүн сот иштерин улантарын кошумчалады.

«The New York Times» басылмасы жазгандай, Дональд Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерликке коюуну пландаштырган. Трамп бул учурда 78 жашта болот.

7-ноябрда АКШдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгып, анда «Демократтар» партиясынан талапкер болгон, мурдагы вице-президент Жо Байден жеңгени аныкталган.

Жо Байден АКШнын 59-жолу өткөрүлгөн президенттик шайлоону жеңип, 46-президент болду. Ал эми Дональд Трамп АКШ тарыхындагы бир гана мөөнөт (4 жыл) иштеген президент болуп калмакчы. Байден учурда 78 жашта.

Акыркы расмий жыйынтыктарды америкалыктар 2021-жылдын 6-январында билишет, ал эми АКШнын жаңы президентинин инаугурациясы 20-январда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM