Биз менен байланышыңыз

Венесуэла Англиянын банкын сотко берди

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 735 | 0

Венесуэла Англиянын банкын Лондон сотуна берди. Анда Венесуэла коронавирус менен күрөшүүнү каржылаган 1 миллиард доллардан ашуун баадагы алтынын өндүрүү талабын койгон. Бул тууралуу Reuters кабарлады.

Расмий Каракас апрель айында Англия банкына ошол жерде сакталган алтынды кайтарып берүү жана сатуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган.

Сот документине ылайык, Венесуэла өкмөтү БУУдан коронавируска каршы күрөшкө, анын ичинде, дары-дармектерге, медициналык жабдыктарга жана тамак-ашка жардам алуу үчүн БУУнун Өнүктүрүү программасына түшкөн каражатты которууну көздөгөн.

Англиянын банкында Венесуэлага тиешелүү 31 тонна алтын сакталат.  Венесуэла өкмөтү алтындын бир бөлүгүн кайтарып алууга бир нече ирет аракет кылган, бирок банк буга макул болгон эмес.

Тактап айтканда, банк Венесуэланын президенти Николас Мадуро мамлекетке таандык алтынды тартып алып, аны жеке кызыкчылыгы үчүн колдонушу мүмкүн деп кооптонууда.

Copyright © 2017 Maral FM