Биз менен байланышыңыз

Мадуро: Венесуэлада экономикалык өсүү 2020-жылдан башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 562 | 0

Венесуэла президенти Николас Мадуро Каракаста эл алдында сүйлөп жатып, Боливария өлкөсүндөгү экономикалык өсүү 2020-жылдан башталарын айтты.

«Бардык маалыматтар өлкөдөгү экономикалык өсүү келерки жылдан башталарын көрсөтүп турат»,- дейт Мадуро.

Анын айтымында, 2020-жылы экономикалык согушка алып келген гиперинфляция жайлашы күтүлөт.

Венесуэлада акыркы жылдары катуу социалдык-экономикалык кризис жүрүүдө.

БУУнун маалыматына ылайык, кризистен улам ушул убакка чейин 4 миллиондон ашык адам өлкөнү таштап чыгып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM