Биз менен байланышыңыз

Венесуэланын башчысы оппозициянын жүздөн ашуун депутатына кечирим берди

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 511 | 0

Венесуэланын башчысы Николас Мадуро оппозициянын 100дөн ашуун депутатына кечирим берди. Өлкөнүн байланыш жана маалымат министри Хорхе Родригес 31-августтагы маалымат жыйынында алардын ысымдарын жарыялады. Ал расмий Каракастын чечимин «улуттук жарашуунун кызыкчылыгы» менен түшүндүрдү.

Кечирилгендердин арасында 2019-жылдын март айында террорчулукка шектелип камакка алынган оппозиция лидери Хуан Гуайдонун өнөктөшү Роберто Моррера дагы бар.

Венесуэла парламентине шайлоо 6-декабрда өтөрү күтүлүүдө. Гуайдо жана негизги оппозициялык күчтөр шайлоону жасалма деп эсептеп, добуш берүүгө бойкот жарыялоого чакырууда.

Венесуэлада бир жарым жылдан бери Мадуро башында турган солчул-улутчул өкмөт менен парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо жетектеген оңчул оппозициянын ортосунда бийлик үчүн күрөш жүрүп жатат.

Германия, АКШ жана башка алтымыштай өлкө Венесуэланын убактылуу президенти катары Хуан Гуаидону тааныйт.

Вашингтондун кысымына жана өлкөдөгү өлөсөлүү экономикалык кырдаалга карабастан, Мадуро Орусиянын жана Кытайдын аскер күчтөрүнүн колдоосуна таянып, бийликте кармалып турат.

Copyright © 2017 Maral FM