Биз менен байланышыңыз

“Төрөгүлө, төрөгүлө!” Николас Мадуро өлкөсүндөгү аялдарды 6дан бала төрөөгө милдеттендирди

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 1217 | 0

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Боливариан Республикасынын аялдарын кеминде алтыдан бала төрөгөнгө чакырды. Ал мындай билдирүүсүн кечээ, 3-мартта Каракаста малекеттик телевидениеде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Президенттин айтымында, өлкөдөгү ар бир аялдын алтыдан кем эмес баласы болушу керек.

Ошондой эле, ал Боливариан Республикасынын бардык аялдарын 8-мартта өтө турган манифестацияга чакырды.

Венесуэла акыркы жылдары гиперинфляция, зарыл болгон товарлардын таңкыстыгы жана улуттук валютанын девальвациясы менен коштолгон социалдык-экономикалык кризисти башынан өткөрүүдө. БУУнун маалыматына ылайык, акыркы учурларда өлкөдөн 4,5 млн адам миграцияга кеткен. Алардын 80%ы коңшу өлкөлөрдө жан багып жүрүшөт. Кээ бир болжолдоолорго караганда, алардын саны 6,5 млн адамга жетиши мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM