Биз менен байланышыңыз

Венесуэлада 6-декабрда парламенттик шайлоо өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2020 | 608 | 0

Венесуэланын Улуттук Ассамблеясына башкача айтканда, Венесуэла парламентине шайлоо 6-декабрда өтөт. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын төрагасы Индира Альфонсо бейшемби күнү, 2-июлда билдиргендигин чет элдик басылмалар жазды.

Анын айтымында, талапкерлерди каттоо 10-августтан 19-августка чейин, ал эми үгүт иштери 21-ноябрдан 5-декабрга чейин жүргүзүлөт.

Азыркы учурда Улуттук Ассамблеянын көпчүлүгүн Венесуэланын башчысы Николас Мадуронун каршылаштары ээлешет.

Германия, АКШ жана башка 60тай өлкө Венесуэланын убактылуу президенти катары Хуан Гуаидону тааныйт.

Вашингтондун кысымына жана өлкөдөгү өлөсөлүү экономикалык кырдаалга карабастан, Мадуро Орусиянын жана Кытайдын аскер күчтөрүнүн колдоосуна таянып, бийликте кармалып турат.

Copyright © 2017 Maral FM