Биз менен байланышыңыз

Шамиль Атаханов сурак берип жатып ооруп калды

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 626 | 0

Мурдагы вице-премьер министр Шамиль Атаханов сурак берип жатып ооруп калды. Бул тууралуу айрым маалымат булактары укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-июлда Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылган. Сурак берип жатып Шамиль Атахановго өзүн жаман сезип, «Тез жардам» кызматы чакырылып, көтөрүп чыгып кетишкен.

Эске салсак, Шамиль Атаханов «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна айыпталып 21-майда камакка алынган.

7-июнда адвокаттын катышуусунда өткөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө Шамиль Атаханов тергөө менен кызматташуу ниетин билдирген. Буга байланыштуу Биринчи май райондук соту анын камакта кармоо боюнча бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн.

Copyright © 2017 Maral FM