Биз менен байланышыңыз

Исмаилова калкка амбулатордук көмөк көрсөтүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 611 | 0

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Бишкек шаарындагы Октябрь, Ленин жана Биринчи Май райондорундагы күндүзгү стационарларды барып көрдү жана жеринде калкка амбулатордук деңгээлде көмөк көрсөтүү маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр медициналык кызматкерлер жана бейтаптар менен күндүзгү стационарлардын ишин талкуулап, медициналык көмөк көрсөтүү ишинин уюштурулушу, ошондой эле тез жардам көрсөтүүдөгү кадрлардын, медициналык каражаттардын, дары-дармектердин жетишсиздиги жана медициналык таштандыларды утилизациялоо жаатындагы көйгөйлөр менен таанышты.

Белгилесек, күндүзгү стационарларга жарандар дарыгерлердин кеп-кеңешин алуу жана белгиленген медициналык дарылоону ийне саюу түрүндө алуу максатында кайрыла алат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына медициналык кызматкерлердин резервдик кадрын уюштурууну тездетүү жана күндүзгү стационарларда орун алган көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM