Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: ЖОЖго тапшырган пенсионерлер көбөйдү

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 741 | 0

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда 80 жаштагы пенсионер жогорку окуу жайына документ тапшырды.

Ал Самарканд мамлекеттик университетинин биологиядан сабак берүү медодикасын, ошондой эле Ташкент медициналык академиясынын Термез филиалынын дарылоо жана педиатрия факультетин тандаганын айтат.

Буга чейин Өзбекстанда 72 жана 78 жаштагы пенсионерлер жогорку окуу жайларына документ тапшырган. Алардын айтымында, окууга кабыл алуудагы өзгөртүүлөр убагында окуй албай калгандарга жакшы мүмкүнчүлүк жаратты.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча, окууга кабыл алууда жашка коюлган чектөө алынып салынган жана бир эле учурда бир багытта үч жогорку окуу жайына тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошол эле маалда тест бир гана жолу жүргүзүлөт.

Ошондой эле, мындан ары саламаттыгы тууралуу маалымдама (Форма-086) да талап кылынбайт.

Өзбекстанда 72 жаштагы апа ЖОЖго окууга тапшырды

Copyright © 2017 Maral FM