Өзбекстанда 72 жаштагы апа ЖОЖго окууга тапшырды

Өзбекстандагы Фергана улуттук университетине окуу үчүн 72 жаштагы апа документ тапшырды. Белгилей кетсек, Өзбекстанда жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча, окууга кабыл алууда жашка коюлган чектөө алынып салынган. Ошондой эле, мындан ары саламаттыгы тууралуу маалымдама (Форма-086) да талап кылынбайт. Белгилей кетсек, Өзбекстанда быйыл жогорку окуу жайына 70 миңден ашык абитуриент документ тапшырган.