Биз менен байланышыңыз

Германия Кыргызстанга 10,5 млн евро бөлө турган болду

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2019 | 477 | 0

Ушул жумада Германия менен Кыргызстандын экононмика министрлигинин өкүлдөрү жолугушту. Анда Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү министрлигинин төрагасы Катрин Оеллерс менен каржылык жана техникалык кызматташуу боюнча сөз болду.

Анда Германия тарап туруктуу экономикалык өнүгүү жана саламаттыкты сактоо тармагына көмөк көрсөтө турган болду. Ошондой эле Кыргызстанга 14,9 млн евро көлөмүндө карыз берүү боюнча келишим түзүлдү.

Оеллеср калкты турак жай менен камсыздоо багытында жакын арада Германия өнүктүрүү банкы аркылуу 10,5 млн евро бөлүнөрүн белгиледи. Ал каражат “Мамлекеттик ипотекалык компаниясына” которулуп, айыл аймагында жашаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоого бөлүнө турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM