Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Экономика өскөнү менен киреше түшпөй жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Июл 2019 | 773 | 0

Кыргызстанда экономикалык өсүш болгону менен киреше түшпөй жатат. Ички дүң өндүрүм 607 млрд сом болсо, киреше анын 26 %ын эле түзөт. ИДӨнү карап туруп, кирешенин өсүп, өспөгөнүн айтуу кыйын. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Марал» радиосуна маек берип жатып айтты. Анда айлык маянанын көбөйүшү, мектептердин курулушу, жолдун салынышы, жаңы долбоорлордун иштеши кирешенин өзөгү экенин билдирди.

-Биз 2018-жылы 120 млрд сом чогултсак, быйылкы жылга 133 млрд сом деп максат коюлган. Ошонун ичинде биз салыкты 2018-жылы 79 млрд болсо, мында пландын өсүшү бар. Ал эми 2019-жылы 85 млрд планы коюлган. Бажы тармагында 10 млрдга көбөйтүп, 49 млрд коюлду. Эми муну аткаруу керек. Эгерде көрсөтүлгөн негизде ишке ашпаса, биздин турмушубузга түздөн түз таасир этет. Бирок 4 айдын ичинде 2 млрд сомго жакын каражатты чогулта алган жокпуз.

Бирок Өкмөт бул маселе жарым жылдыктын жыйынтыгында чечилерин, көрсөткүчтөр жакшырарын билдирген. Эл өкүлү өздүк маалыматына таянып, дагы деле жылыштар жетиштүү деңгээлде эместигин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM