Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан газ жана электр энергияга болгон бааны көтөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 728 | 0

Өзбекстан газ жана электр энергиясына болгон бааны көтөрүп, айлык акынын төмөнкү өлчөмүн көбөйтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын энергетикалык ресурстарга болгон тарифти оптимизациялоо боюнча өткөн видеоселектордук жыйынында белгилүү болду.

«Бааларга оптимизация жүрбөсө, тармактардын каржылык туруктуулугуна жетише албайбыз жана жигердүү инвестиция тартуу мүмкүн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу тарифтер өзгөрөрү күтүлүүдө. Ошол эле учурда, тарифтик реформа калкка оор болбошу үчүн минималдуу эмгек акынын көлөмүн көтөрүү мерчемделүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM