Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө электр энергиясын колдонуу ченеминен ашып кетти

Экономика | 3 Ноя 2021 | 1249 | 0

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын жетекчиси жалпы өлкө боюнча аймактарда, облус жана шаарларда электр жарыгы ашыкча пайдаланылып, коюлган лимиттен ашып кеткенин билдирди. Ашыкча лимит учурда 767 млн кВт саатты түзүп жатат. Өкмөт жарандардан электр энергиясын үнөмдүү иштетүүнү өтүнөт. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 3 млрд куб метрге аз.

Кыргызстандагы айрым ишканалар электр энергиясын уруксат берилген кубаттуулуктан ашыкча пайдаланып жатат. Буга байланыштуу мыйзам бузуулар аркылуу колдонулган электр энергиясы өчүрүлүп, чара көрүлөт. Бул тууралуу «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын төрагасы Таалайбек Байгазиев айтты.

«Бишкек ЖЭБиндеги чыңалууу жылына 2.3 млрд кВт болсо, иштеп чыгуу көлөмүн дагы да жогорулатуу пландалып жатат. Өлкө боюнча облустар жана шаардагы лимиттер ашыкча колдонулууда. Жарандар үнөмдөп иштетсе, кыштан кыйналбай чыгып кетебиз. 1-ноябрга чейин пландаштырылган оңдоп-түзөөлөр толугу менен аягына чыкты. Аймактарда эч кандай өчүрүүлөр болбойт. Былтыркыга салыштырмалуу электр энергиясы 2-4 миллион кВт саатка көп коротулуп жатат. Дагы да болсо үнөмдөп пайдаланууга чакырабыз. Электр энергиясын ашыкча иштеткендерге, мыйзамсыз колдонгондорго чара көрүлөт».

Ал эми «Улуттук электр тармагы» ишканасынын жетекчиси Жолдошбек Ачикеевдин айтымында, 2021-жылдын октябрь айында Кыргызстандын энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 1 млрд 396 млн 957 миң кВт саатты түздү. Себеби климаттын өзгөрүшүнө жараша электр энергиясына болгон талап да өзгөрүп турат.

«2020-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 1 млрд 286 млн 78 миң кВт саатты түзгөн. «Улуттук электр тармагына» берилген тапшырмалар толугу менен аткарылды. Жабдуулар жана оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүткөн. Кыргызстан боюнча электр энергиясын колдонуучуларга кышка жакын талап өсөт. Бизде, «Улуттук электр тармагында» 11 подстанция бар, алардын кубатын ашырууга тиешелүү аракеттер жасалды. Кубаттуулукту 170 мегабайтка көбөйттүк. Климаттын  өзгөрүшүнө жараша колдонуучулардын талаптары да өсөт». 

Жылытуу мезгилинде электр энергиясы жетишсиз болгондуктан көмүр жагылат. «Электр станциялары» ишканасынын директору Таалайбек Бектенов жарандарды кооптонбой эле коюуга чакырат. Себеби Бишкек шаарына Казакстандан апрелге чейин 643 миң тонна көмүр келет. Бир айдын ичинде 200 миң тоннадан ашык көмүр жүктөлдү жана кампаларда көмүрдүн запасы жетиштүү.

«Түзүлгөн келишимдин негизинде учурда «Кара-Жыра» кенинен көмүр алынды. Учурда «Кабак» кенинен 210 мин тонна көмүр келатат. Буга чейин Казакстандан 268 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 6,5 миң тонна көмүр келген». 

Адистер Кыргызстанда кышында маал-маалы менен өчүрүүлөр болбой турганына ишендиришти. 1-ноябрга чейин пландалган оңдоп-түзөө иштери толук аяктаган. Айрым жерлерде гана авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM