Биз менен байланышыңыз

Мышыкты коюнга алып жатуу шизофрения оорусун козгойт

Көпчүлүк адам үй жаныбарларын, өзгөчө мышыкты койнуна алып жатканды жакшы көрөт. Бирок дарыгерлер мындай ашыкча жакындык ден соолукка олуттуу зыян алып келерин белгилейт.

Алардын айтымында, мышыктар Toxoplasma gondii паразитин алып жүрүүчүлөр болуп саналат. Копенгаген университетиндеги оорукананын дарыгерлери ал паразит шизофрениянын (психикалык оору) жаралуу ыктымалдуулугун 50 пайызга өстүрөрүн билдиришкен. Ал айрыкча жаш балдар менен иммунитети төмөн адамдарга бат таасир этет.

Ошондой эле, бул үй жандыгынын көпчүлүгү токсоплазмоз, салмонелла, кургак учук, күйдүргү сыяктуу ооруларды кошо алып жүрүүчүлөр экенин айтышат.

Мындай жыйынтык 80 миң адамдын катышуусу менен болгон изилдөөдөн соң келип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM