Биз менен байланышыңыз

Туристтерден түшкөн каражат кандай негизде эсептелет?

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Июл 2019 | 632 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде туристтерден түшкөн каражат кандай негизде эсептелерин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, туристтик товарлардын сатылышы аныкталат. Анын жыйынтыгында ИДПга кошкон салым эсептелинет.

Ошондой эле, туризм чөйрөсүндө иштеген объектилер төлөгөн салыктын көлөмү экинчи көрсөткүч болуп саналат.

«Жылына канча лыжа сатылганы же ижарага берилгени аныкталат. Ушул сыяктуу туристтер ала турган товарлардын саны көп. Туристтик объектилердин деңгээли кардарлардын баасына жараша аныкталууда. Эс алуу жайлары туристтерге шарт түзүүгө аракет кылууда. Маселен, намаз окуучу жайлар, даарат алууга жакшы шарттар түзүлүүдө. Ошентсе да, тейлөө жагынан да, кызмат көрсөтүү жагынан да кемчиликтер бар. Үлгүлүү делген 4-5 эле пансионат бар», — дейт Жаманкулов.

Министр белгилегендей, атаандаштык жок болгондуктан, эс алуу жайлары тейлөө акысын каалагандай коюп жатат. Эгерде атаандаштык болсо, баалар төмөндөмөк. Буга кошумча өлкөдө саясий абал курч болуп, кооптонууну жаратса, туристтер келбей турганын белгиледи.

«Мурдагы жылдарга салыштырмалуу криминалдык жактан да абал туруктуу болуп калды. Өкмөттүн жарлыгы менен туристтик милиция иштеп баштады. Алардын ишин күчтөндүрүү боюнча ИИМге тапшырма берилди», — дейт министр.

Copyright © 2017 Maral FM