Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Чуңкурчак менен Ала-Арчага кеткен жол оңдолот

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Июл 2019 | 773 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде Чуңкурчак тоо лыжа базасы менен Ала-Арчага кеткен жолду оңдоо боюнча өкмөткө сунуш киргизилгенин билдирди.

Анын айтымында, Чуңкурчакка бара жаткан жолдо бир канча туристтик объектилер пайда болду. Мындан улам жолдорду оңдоо зарыл.

«Чуңкурчакка чыгып, андан ары Ала-Арча капчыгайына түшкөн эски жолду «алтын шакекче» деп атап, оңдогону жатабыз. Бул маселе өкмөткө сунуш катары киргизилди. Ошондой эле, Балыкчы-Корумду жолу этап-этап менен салынып жатат», — дейт Жаманкулов.

Ал тарыхый объектилер тууралуу да маалымат берди. Сары-Челекти экологиялык корук катары карап, туристтерди чектелүү санда киргизүү зарыл экенин белгиледи.

«Тийиштүү мыйзамга ылайык, тарыхый объектилер коргоого алынган. Ал жерлерде курулушка тыюу салынган. Ал эми коргоо зонасынан сырткаркы аймактарда туристтик объектилерди куруу максатында жерлерди бөлүп, мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен инвестицияларды тартып келүү боюнча долбоорлор даярдалууда. Жакында өкмөткө сунушталат», — дейт Жаманкулов.

Copyright © 2017 Maral FM