Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Мамлекеттик мейманканалар «Кыргызтуризмге» берилет

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Июл 2019 | 886 | 0

«Кыргызтуризм» мамлекеттик ишканасынын жылдык бюджети 50 млн сом. Ишкана туризм тармагындагы чарбалык иштерди жүргүзөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Кыргызтуризм» алгач ар бир облуста курула турган туристтик объектилерди аныктайт. Натыйжада, ар бир облустун картасы түзүлүп, пакеттер даярдалат. Ага жараша инвестиция тартылат.

«Жаңы түзүлгөн ишканадан үмүтүбүз чоң. Өлкөдө туризм тармагында иштеп, бирок көп пайда бербеген мейманканалар бар. Аларды да «Кыргызтуризм» ишканасына беребиз. Бул жерде негизги максат жеке мамлекеттик өнөктөштүк аркылуу инвестиция тартып келип, объектинин инфратүзүмүн оңдоо», — дейт Жаманкулов.

Copyright © 2017 Maral FM