Биз менен байланышыңыз

Трамп Иранды «коркутту»

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 515 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын бийлигине «уранды кымбаттатам» деп коркутуу учурунда абай болуусун, айткандары «өз башына муш болуп» калуусу толук ыктымал экенин айтты. Ал бул тууралуу Твиттердеги баракчасында жазды.

Буга чейин, 3-июлда Ирандын президенти Хасан Рухани эгерде АКШ өзөктүк келишимди тааныбаса, 7-июлдан баштап Иран каалаган деңгээлде уранды кымбаттатарын айткан. Ошондой эле, Рухани АКШ Тегеранга болгон санкциялык басымды азайтпаса, Арак шаарындагы реактордун ишин козгоорун кошумчалаган. Реактор 2015-жылы Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишим түзүлгөндөн кийин жабылган.

АКШ былтыр майда эл аралык келишимден чыгып кеткен жана Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген.

Copyright © 2017 Maral FM