Биз менен байланышыңыз

Трамп эң чоң салют атууга сөз берди

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 504 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп: «4-июлда Вашингтондо өтө турчу АКШнын эгемендүүлүк күнүндө «укмуштуудай аба парады жана эң чоң салют болот», — деди. Бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жазды.

Анын айтымында бул парад АКШ армиясы дүйнөдөгү өнүккөн жана күчтүү армия экендигин далилдейт.

Кошумчалай кетсек эртең, 4-июлда Вашингтондогу Линкольн мемориалынын аянтында «Америкага салют» салтанаты өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM