Биз менен байланышыңыз

Мустанг унаасынын ойлоп табуучусу кайтыш болду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 682 | 0

Америкада Ford Mustangдын ойлоп табуучусу Ли Якокка каза болду. Бул тууралуу Лос-Анжелес басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, Якокка 94 жашында болгон. Американын жергиликтүү медиа каражаттары Ли Якокканын унаа өндүрүшүндө орду чоң болгонун белгилешүүдө.

Ал Ford Mustang унаасынын ойлоп табуучусу болуп саналат. 10 жылдай Форд (Ford) компаниясын, андан соң Крайслер (Chrysler) компаниясын жетектеп, ийгиликке жеткире алган.

Copyright © 2017 Maral FM