Биз менен байланышыңыз

Гонконг: Милиция демонстраттарды парламент имаратынан сүрүп чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 441 | 0

Гонконгдун милициясы парламенттин имаратын демонстранттардан бошотту. Бул тууралуу Hong Kong Free Press басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, коргоо органынын кызматкерлери парламенттин имаратынан акциянын катышуучуларын сыртка сүрүп чыгарышкан. Операция учурунда полициялар көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.

1-июлда нааразычылык акциясына чыккан демонстраттар Гонконгдогу парламент имаратын басып алышкан. Бул акция бир айдан бери уланып келет. Ага бийликтин кылмышка шектүү адамдарды Кытайга өткөрүп берүү тууралуу мыйзамын кабыл алууну болжолдоп жатканы себеп болгон. Демонстранттар бул мыйзам адилетсиз куугунтукталгандарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачат деп чочулашууда.

Гонконгдун бийлиги калайман каршылыктан соң, экстрадациялоо боюнча мыйзам белгисиз убакытка жылдырылганын билдирген. Бирок акциянын катышуучулары бул долбоордон толугу менен баш тартууну, Кери Ламм жетектеген Гонконг бийлигинин отставкага кетүүсүн талап кылышууда.

Copyright © 2017 Maral FM