Биз менен байланышыңыз

«Айрым көйгөйлөрдү чечүүгө Жээнбековдун командасынын тажрыйбасы жетпей жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июл 2019 | 539 | 0

Айрым маселелерди чечүүгө Сооронбай Жээнбековдун командасынын тажрыйбасы жетпей жатат. Мындай пикирин коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбековдун тегерегинде жакшы кадрлар аз болууда. Президент командасын күчтөшү керек.

«Күчтүү, колу таза кызматкерлерди командага тартуу зарыл. Мен кабинетке кире албасам кантип айтам? Кара-Кулжалыктарга президентке кирүү боюнча 1 жылга мораторий болгон. Ошондуктан, өлкө башчы жердештерин кабыл алып жатат деген сөз кетпесин деп, Ак үйгө кире албай жатабыз. «Президент кландык башкарууга жол берди», — деген кеп Атамбаевдин көп сөздөрүнүн бири болчу», — дейт Ибраимов.

Copyright © 2017 Maral FM