Биз менен байланышыңыз

Ибраимов: Парламент биринчи жолу элдин үмүтүн актады

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июл 2019 | 835 | 0

Парламент биринчи жолу элдин үмүтүн актады. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары элдин талабын түшүнүп, добуш беришти. Мындай пикирин коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин маселесинде эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү коомдун көйгөйүн түшүнгөн саясатчы экенин көрсөтүшкөн.

«Жогорку Кеңешти таратсак да, кийинкисинде кайра эле ушул эл өкүлдөрү келет. Себеби, партиялар жөнүндө мыйзамда мандем бар. Таза шайлоо өткөрүү үчүн партиялар жөнүндө мыйзамды өзгөртүү зарыл. Азыркы парламенттин дарамети өтө начар», — дейт Ибраимов.

Ал мындан сырткары, чиновниктердин санын кыскартып, элдин кызыкчылыгын ойлоо зарыл экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM