Биз менен байланышыңыз

Ибраимов: Ак үй патефондун табагын алмаштырбай койду

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июл 2019 | 433 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев элди бөлүп-жарбай, укук коргоо органдарынын суроолоруна жооп бериши керек. Ал келсе эле түрмөгө камап коюшпайт. Мындай пикирин коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин маселеси 1 жыл ичинде бүтпөйт, жылдап созулат. Бул көйгөй кекиртекке тыгылган сөөк сыяктуу болуп калды. Ак үй ошол маселеден алыс кете албай жатат. Бирок башка нерсеге өтүү керек.

«Ак үй патефондун табагын алмаштырбай койду. Жүрөктү өйүгөн маселе Атамбаев гана болуп калды. Андан башка маселе жокпу? Бул — жаман нерсе. Андыктан, коомду ойготуп, жаңы идеяларды айтуу зарыл. Атамбаевден башка маселеге өтөлү», — дейт Ибраимов.

Ал Атамбаевдин маселеси кризиске алып келбей турганын белгилеп, ал өзү менен кошо Кыргызстанды уят кылып жатканын айтты.

«Анткени, укук коргоо органдары айып койсо, сөзсүз келип жооп бериши керек. Атамбаев президент, Конституциянын гаранты болгон адам. Жооп берүүдөн качып, таштарды үйүп алган — маскарачылык. Бул — жапайычылык, маданиятсыздык», — дейт Ибраимов.

Ал чет өлкөнүн президенттери мыйзамды сыйлап, укук коргоо органдарына жооп берип келе жатканын да белгилеп өттү.

Ибраимовдун пикиринде, Атамбаев өлкөнү экиге бөлүп, үчүнчү тополоңду уюштуруп жиберүү ниетинде турат. «Тополоң болсо, ага кошула калсак» деген саясатчылар да бар.

Copyright © 2017 Maral FM