Биз менен байланышыңыз

Ибраимов: Жээнбековдун негизги багыты туура

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июл 2019 | 705 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун негизги багыты туура, стабилдүүлүктү камсыздоого аракет жасап жатат. Мындай пикирин коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башка мамлекеттер стабилдүүлүктүн артында көп нерсеге жетип алды. Азырынча Жээнбеков коррупцияга аралашкан деп айтууга факты жок.

Ибраимов өлкөдөн чыгып кетти делген 700 млн доллар тууралуу да оюн билдирди. Анын баамында, бийлик 700 млн доллар  маселесин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маселесиндей изилдеши керек.

«Бул жерде эки пикир болушу мүмкүн эмес. Эгерде 700 млн доллар боюнча маселе чечилбесе, өлкөдө саясий кризис болуп кетиши мүмкүн. 700 млн доллар боюнча Финполдун башчысы Бакир Таиров айткан маалыматтарга ишенген жокмун. Менимче, ал киши өзү да маселенин ичинде. 700 млн доллар деген сөздүн аныктыгын текшерүү зарыл», — дейт Ибраимов.

Ал коррупция 10 кишини камоо менен бүтпөй турганын да айтып өттү.

«Саламаттыкты сактоо, билим берүү, электр тармагын, сот системасын айтпай эле коёюн. Коррупция менен күрөшүүдө илимий негизде план жасоо зарыл. Тез арада элге керектүү, алдыга жетелеген максаттарды коюу зарыл. Бизде максат жок. Иш-чаралардын тизмесин жасаш керек. Батыштын демократиясында мораль биринчи кезекте турат. Ал эми бизде андай жок. Эмне гана болбосун, саясаттасың, партия сенин менчигиң, фирмаң», — дейт Ибраимов.

Copyright © 2017 Maral FM