Биз менен байланышыңыз

Ибраимов: Атамбаевди түрмөгө отургузалы деген максат жок

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июл 2019 | 763 | 0

«Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы саясаты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндегилерге багытталып жатат», — деген сөздөр атайын айтылып жатат. Мындай пикирин коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевди жамандап, түрмөгө отургузалы деген максат жок. Мурунку президенттердин тушунда уурулар өздөрү «ууруларды кармайбыз» деп ураан чакыргандай болуп келген. Мунун баары башынан тазаланганда бүгүнкүдөй иштер  болмок эмес.

«2005-жылдан кийин эле революциянын лидери делгендер мурунку президенттин бала-чакасынан калган байлык-бийликти макулдашып бөлүп алышып, революциянын чыныгы максаттары унутулуп калды. Айталы, Курманбек Бакиевдин убагында «карма ууруну кармалап, ууру жүрөт» дегендей эле иш болду. Атамбаев аягына жетет деп ойлочубуз. Анын уурулукка шектелгендерди кызматтан алган айрым аракеттери болгон. Атамбаевге Батукаев, ЖЭБ, ДАча-Су маселеси илээшпесе, тазараак болуп турмак. Атамбаев айткан сөзүнө турбай, оозу менен башка нерсе жасап, иш жүзүндө башка болуп жаткандай сезилип жатат», — дейт Ибраимов.

 

Copyright © 2017 Maral FM