Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү дагы узартылды

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 2381 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Абдухалим Раимжанов, Калыбек Качкыналиевдин жазык ишин карап жатат. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

1-апрелдеги соттук отурумда айыпталуучулардын баш коргоо чарасы каралып, камакта кармоо мөөнөтүн 7-июнга чейин узартты. Ошол эле учурда айыпталуучу Атамбаев ооруп жатканына байланыштуу алынып келинбегендиктен, соттук отурум 15-апрель саат 14:00гө жылдырылды.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаев менен катар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, дарыгер Абдухалим Раимжанов жана Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев айыпталып жатат.

Алмазбек Атамбаевдин биринчи китеби сатыкка чыкты

Copyright © 2017 Maral FM