Биз менен байланышыңыз

Осмонакун Ибраимов жашоодогу эки чоң катасын айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Янв 2019 | 1651 | 0

“Менин эки чоң катам бар деп ойлойм. Биринчиси, тунгуч президент Аскар Акаевди коргойм деп телевидениеге улам чыга берип, элге жаман көрүнүп алдым.”

Мындай оюн коомдук жана мамлекеттик ишмер, адабий сынчы Осмонакун Ибраимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал кезде 15 жыл чогуу иштеген кишини кыйын учурда таштап кетпей, анын сөзүн сүйлөп турайын деген ой болду. Экинчиси, чын эле Акаевдин бала-чакасы таза, коррупциялык иштерден алыс деп ойлочумун. Азыр бул пикирим башкачараак. Кыргызда “Достуктун пири шаймерден” деген сөз бар. Азыркылар чогула калып революция жасап, эртеси эле бирин-бири түрмөгө салдырып жатканы дагы жакшы нерсе эмес. Бизден өтө жаман түшүнүк орноп калды, аны ачык айткым келет. “Саясатта достук жок, кызыкчылык бар” деп коюшат. Ушундай да болобу? Адамгерчилик деген дайыма биринчи орунда турушу керек”, — дейт Ибраимов.

Ал саясатта моралдык баалуулук болушу керектигин, болбосо саясат абдан жаман нерсе экенин кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM