Биз менен байланышыңыз

Осмоналиев: Акаевдин учурундагы кырдаал түзүлүп келе жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Окт 2019 | 1338 | 0

Расмий бийлик Жогорку Кеңештин VII чакырылышын мурдагыдай жол менен түзөм десе жаңылышат. Ага эл жол бербейт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийлик өзүн-өзү алдаганды токтотуп, элдин абалын байкашы керек. Тунгуч президент Аскар Акаевдин учурундагы кырдаал түзүлүп келе жатат.

«2015-жылкы бийликтин дымагы төө көтөргүс болгон. Азыркы бийлик ошонун бир вариантын өткөрүп алам деп жатат. Бирок жаңылышат. Расмий бийлик ийкемдүү болуп, позитивдүү сунуштарды эске алышы керек. Бийлик абсолюттук бийликке ээ болом десе жаңылышат», — дейт Осмоналиев.

Copyright © 2017 Maral FM