Биз менен байланышыңыз

Кулов: Акаевди алып келип, потенциалын колдонуу зарыл 

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Янв 2019 | 3250 | 5

«Ар-Намыс» саясий партиясынын лидери Феликс Кулов “Марал” радиосуна берген маегинде тунгуч президент Аскар Акаев илимий кызматкер катары ири потенциалга ээ болгонун жана мындай адамдарды колдонуу зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, ар бир кыргыз экономикага кандайдыр бир деңгээлде салым кошууну атуулдук милдет катары кароосу зарыл.

«Акаев туулган жерине салым кошууну каалаган. Мен ага 100 пайыз ишенем. Биз эмне үчүн анын кайтып келишине шарт түзүп бербешибиз керек? Чыныгы мекенчил жарандардын көпчүлүгү Акаевдин кайтып келип, экономиканы өнүктүрүүгө салым кошуусун колдойт», — дейт Кулов.

Кулов Акаев президенттиктен кеткенден кийин аны менен жолукпаганын айтып, Акаевди кечиргенин белгиледи.

«Саясатта өч алууга орун болбошу керек. Эгер биз каршылаштарыбыздан өч ала баштасак, анда өлкө эч качан жакшылыкка жетпейт. Андыктан өз алууга жол бербешибиз керек», — дейт Кулов.

5 пикир

5 пикир

  1. Эрнист

    25.01.2019 14:27

    Бул эн туура Аскар Акаеевти алып келиш керек.

  2. Турсалиева Асель Кубанычкуловна

    27.01.2019 00:04

    Я Турсалиева Асель Кубанычкуловна согласна с мнением Кулова -это Советской закалки люди,которые умеют сделать шаг назад и дальше идти вперёд и только вперёд не сдаваясь!!!Главное в жизни надо уметь исправлЯть ошибки и поставить на путь истинный наше будущее-это наши подрастающее поколение!Думаю со мной многие согласны-будущее нащих детей в опасности!Так как за рулём сидят люди с *ограничеными*возможностями!Знания делают человека Великим!У Акаева есть Знания и Любовь к Родине!Акаев достойный,первый президент Кыргызстана!Я прошу помощи у Всевышнего Аллаха 🙏Вернуть нашего первого президента Кыргызстана!Я очень люблю Акаева и плакала от боли и стыда за свою Родину в тот злополучный день!!!Пожалуйста будьте смелее Феликс Кулович -народ вас поддержит!Люди устали слушать и видеть все то,что происходит на нашей Земле…Я бы очень хотела бы принимать участие в борьбе за справедливость!

  3. Марихат

    27.01.2019 01:31

    Урматтуу,Феликс Кулов!Сиздин сунушунуз:»А.Акаевди колдош керек» — деп,берген тушундурмонуз жакты. Менимче:»Сиз аралашып,иштешип калган сон,сизге ачык айкындыгы корунуп турат»-деп,ойлойм.А.Акаев Ч.Айтматов атабыздай эле дуйного атагы чыгып келуудо.А.Акаевди ботон элдер илимпоздук эмгегин,адамкерчилигин чет эли баалап келишкендери Кыргызстандыктарды кызыктырбайбы?Албетте,Кыргызстан учун сыймык,кудайдын берген сыйлыгы эмеспи?Канча жылдар отту, канча АЖО алмашты КЫРГЫЗСТАН озгордубу?Озгорбой эле сасык баткака батып,чыга албай келе жатышат.Ар бир элде:»Жаманы бар,жакшысы жок»-деп,айтыш ото татаалга турат.Ушул кезге чейин Ажоолорду жамандап баарынын соогун жууп келдинер.Кана озгордубу? Жок,Кыргызстан айылдагы ушакчы аялдардан айырмасы жок болуп калгандары окунучту туудурат.Бироо жаман,экоо жаман,учоо жаман,тортунчусуда жаман.Эмнеге??? Келген:»АЖООлордун баары жаман,эмне учун биз эл жакшыбыз»-деген,ой келеби?Мумкун,озубуздун туркойлугубуздон Кыргызстаныбыз оспой,онбой,сазга батып жаткандырбыз? Ошондуктан:»Жакшысын деле жаман, жаманын деле жакшы»-деп,сасык создор кобойгон учун КУДАЙга да жакпай, КЫРГЫЗСТАНдын эли осуп-оно албай жаткандыр?Ата-бабалардан калган жакшы макал,эсимде:»Атанды олтургонго эненди бер»-деген.Атабызды олтурсокда,олтурбосокда келгиле:»КЫРГЫЗ элинерди сыйлагыла, эскини эстебегиле,ичтеги кирлерди жуугула!»-деп,ундоп кетээр элем.Кыргызстанды,элинерди чоктурбой,жудотпой,элинерге кайрылып КЫРГЫЗСТАНДЫ гулдоткуло»-деп,ундоп кетээр элем.АМАН жана БАР болунуздар!!

  4. Марс А.С

    29.01.2019 13:50

    Акаевдин ВТОго мүчөлүгү, Орус тилинин официальный кылып милиондогон мигранттарга шарт түзүп бррүүсү, кошуна мамлекеттер менен эч качан конфликт кылбаганы элдин эсинде

  5. Пазылова жамила

    03.02.2019 13:01

    Эн туура пикир менда колдойм Кыргызстанда биринчи Президентибиз Аскар Акаев гений болчу жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт ал киши эн жакшы жолду тандаган эле .Кыргызстандын ачкычын ошол киши ачты эле го .Генийди алып келип кыргызстандын келечеги учун пайдаланыш керек мен колдймун.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM