Биз менен байланышыңыз

«Бийлик Акаевдин феноменинен чыга албайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 мая 2019 | 622 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков командасын түптөдү. Мурунку бийликтен чечүүчү адам калган жок. Ошентсе да, азыркы бийлик тунгуч президент Аскар Акаевдин феноменинен чыга албайт. Мындай пикирин саясат талдоочу Марс Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Акаев да менталитетке каршы эч нерсе кыла алган эмес. Учурда кадр маселеси деградацияда. Азыркы кадрлардын сапаты начар. Көбүнүн кызыкчылыгы байлык топтоо. Жээнбеков бийликке чогуу иштешкен, ишенген кишилерди койду. Бирок кырдаал өзгөрсө, ал адамдар да дароо башка жакка ооп кетет. Анткени, учурда СССР убагындагыдай акырындык менен өсүү алгоритми иштебейт», — дейт Сариев.

Copyright © 2017 Maral FM