Биз менен байланышыңыз

Бийлик криминалдарга каршы күрөшө алабы?

Коом , Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 1076 | 0

УКМКнын жаңы дайындалган төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында көптөгөн убадаларды берди. Алардын эң негизгиси катары паракорлор менен криминалдуу топторго каршы күрөш экени айтылды. Бирок өлкөдө кылмыш дүйнөсүндөгү адамдарга каршы күрөш жүргүзүү канчалык реалдуу? Дүйнөлүк тажрыйбада кылмыштуу топторго каршы күрөш кандай шартта жүрөт?

Кыргызстанда 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар борбордук «Ала-Тоо» аянтына митинг уюштурушкан. Кечке маал күч түзүмдөрү менен митингге келген жаштардын ортосунда кагылыш болуп, 6-октябрдын таңында демонстранттар Ак үйдү басып алышкан.

Мына ушундан кийинки окуяларда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү саясий кырдаалга таасир этүүнү көздөшкөн. Алар тарабынан кысым көрсөтүү, СМС билдирүү аркылуу коркутуулар, опузалоолор болгонун айрым саясатчылар маалымдашкан. Маселен, «Люстрация кыймылы» уюштурган митингде депутат Жанар Акаевди белгисиз адамдар машинага салып кетүүгө аракет кылганын достору айтышкан.

Андан сырткары, депутат Аида Касымалиева коркуткан, опузалаган СМСтер келип, телефон чалуулар болгонун айтса, жаш саясатчы Тилек Токтогазиев башаламандык күндөрү «өлтүрүп кетебиз» деген билдирүүлөр келгенин билдирген.

Коомчулукта Садыр Жапаровду жандагандар кылмыш дүйнөсүндөгү адамдар деген пикирлер, алардын анабашы Камчы Көлбаев кырдаалдан пайдаланып, Кыргызстанга учуп келгени тууралуу аңыз кептер айтылган. Бирок, УКМКга жаңы төрага болгон Камчыбек Ташиев аларды четке кагып, керек болсо кримтөбөл Көлбаевди да камакка ала турганын айтты.

—  Элди, бизнести, чиновниктерди кайсы бир деңгээлде коркутуп турган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, мамлекетибиздеги бандиттерге, криминалдарга кайрылам: эми силер эч кимди «крышовать» этпейсиңер. Ишкерлер, бизге маалымат бергиле, ким кайсыл жерде, кимдир бирөөнү «крышовать» этсе, кимдир бирөөгө кысым кылса, биз аны жазалайбыз. Эгерде Камчы Көлбаев мыйзамды бузса, биз аны да жазалайбыз. Жазалап гана тим болбостон, керек болсо түрмөгө олтургузабыз. Урматтуу бандиттер, силерге аз убакыт берилет: же мыйзамдуу жашагыла, же камерага өзүңөр барып олтургула, же өлкөдөн чыгып кеткиле. Эми биздин мамлекет бандиттик, коррупцияга чыланган өлкө болбойт. Мен ушул жерде болуп турганда, буга жол бербейм.

Коомчулукта айтылган «криминалдык топтор саясатка кийлигишип жатат, алар Садыр Жапаровду жандап жүрөт» деген маалыматтарды премьер-министр четке какты. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү толугу менен жок кылынарын, криминалдарга бөгөт коерун билдирди.

— Ушул жерден криминалдар менен күрөшүү туурасында айтсам: «кылмыш дүйнөсү өзүнүкүн «диктофка» кылганды токтотот» деп кепилдик берем. Буга чейин айрым аймактарда бизнес жүргүзүү үчүн, ошол жерде иштеш үчүн криминалдын уруксаты керек болчу, бул мезгил артта калды. Ишкерлер менен инвесторлорго өзгөчө шарттар түзүлөт, — деди Жапаров.

Жапаровго уюшкан кылмыштуу топтор боюнча суроо узатып, аларды түп-тамырынан жок кылып салуу сунушу менен депутат Дастан Бекешев кайрылган. Анын «Марал» радиосуна билдиргенине караганда, кылмыш дүйнөсү саясатка мурунтан аралашып келген, акыркы окуяларда да баш көтөрүүгө аракет жасашкан.

— Бизде уюшкан кылмыштуу топтор саясатка катуу таасир этип, аралашканга аракет кылып жатышат. Эки жума мурун депутаттарды: «Бул отурумга бар, бул отурумга барба» — деп коркутушту. Андан мурун деле биз криминалдарга каршы мыйзам долбоорун карайлы десек эле депутаттарга чала беришчү коркутуп. Азыр Камчыбек Кыдыршаевич аларга каршы күрөшөм деп убада берди, сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтүшү керек, — дейт Бекешев,

Ошондой эле Жапаров менен Ташиевге убакыт керек экенин белгилеп, аларга каршы күрөшө алабы, күрөшө албайбы, аны убакыт көрсөтөрүн, кылмыштуу топтор менен күрөшүү оңой иш эмес экенин, Камчыбек Ташиев убада бергени менен, анын сөздөрү кызматтык укугунан ашып кеткенин, УКМК жалгыз күрөшө албай турганын кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин ардагери, милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров: «Азыркы учурда криминалдар саясатка таасир берип эле калбастан, өздөрүнө ыңгайлуу кызматка да аракет кылышат», — деген пикирин билдирди.

— Албетте, бийлик алмашып жатканда криминалдык чөйрө өзүнүн таасирин тийгизгиси келет. Алар да таасирдүү орунду ээлеп калгысы келет. Америкада «улуу депрессия» учурунда Рузвельт айткан экен, «Мыйзам да, криминал да менмин!» — деп. Эгер Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айткандары чын дилден болсо, тамаша сөз менен айтканда, мыйзамды кармап, ошол эле учурда криминалдардан да күчтүү болушу керек. Тактап айтканда, таза болушу керек. Эгер андай кылбай, кримтөбөлдөр менен аралашып кетсе, булардын бийлиги мурдагы бийликтерден да жаман акыбалда кетет, — дейт Мамыров.

Ошол эле учурда саясий куугунтук көргөн премьер-министр Садыр Жапаров түрмөдөгү абалды көрүп, криминалдарга каршы күрөшөрүнө ишенерин жашырбады:

— Жапаров түрмөдө олтурду, криминалдардын колдоосун алып жатат деген маалыматтар, балким, саясий күчтөр тарабынан, ошол маалдагы бийлик тарабынан чыгарылгандыр. Азыр бизди криминалдар башкарып жатат деген сөзгө ишенгим келбейт, мен Садыр Жапаров убадаларын аткарып, сөзүнө турат дегенге көбүрөөк ишенгим келет.

Дүйнөдө криминалдык топторго каршы күрөшүүдө үлгү ала турган бир топ мамлекет бар. Дастан Бекешев алардын бири катары Грузияны мисалга тартат.

— Грузияда кандай кылышкан? Алар шектүүлөрдү кармаган учурда суракка алып, кылмыш дүйнөсүндөгү статусун сурайт. Мындай мыйзам Орусияда дагы кабыл алынган, мисалы, криминалдык статусту аныкташ үчүн сурайт: «Мыйзамдагы уурусуңбу же кимсиң?» — деп. Эгер ооба десе, анда камалат, эгер жок десе коё берилет. Кылмыш дүйнөсүндө ушундай түшүнүк бар да, эгер эч кайсы статусту мойнуна албаса, анын «кадыр-баркы» жоголот. Бизге да дал ушундай мыйзам керек, — дейт Бекешев.

Кыргызстанда 3-4 уюшкан криминалдык топ бар экени айтылып келет. ИИМдин оперативдик учетунда 3 уюшкан топ катталган. Серепчилердин айтымында, кылмыш чөйрөсүндө таасирдүү кримтөбөл катары Камчы Көлбаевдин аты аталат. Бирок, укук коргоо органдары тарабынан алар жөнүндө так маалымат айтылбай келет.

Copyright © 2017 Maral FM