Биз менен байланышыңыз

Фарид Ниязовдун оорусунун саясий өңүтү

Саясат | 30 Мар 2021 | 1542 | 0

Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борбору башаламандыкка айыпталып, камакта жаткан Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго III даражадагы гипертония деген диагноз койгон. Акыйкатчы Токон Мамытов жана жактоочусу Замир Жоошев бул маалыматты мыйзам чегинде карап көрүү өтүнүчү менен Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кат жиберген. Айрым эксперттердин айтымында, бул иштин саясий өңүтү да болушу мүмкүн. Бул темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге барып камакка алынгандар менен, анын ичинде Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов менен жолугушуп, кабар алган. Андан соң Акыйкатчы Токон Мамытов Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, Фарид Ниязовдун оорусуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылганын маалымдады:

«Оорусуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүп, мүмкүн дарыланганга мүмкүнчүлүк берип, үй камагына же ооруканага барып, ден соолугун чыңдап келсин, анан кайра сот карасын» деп кайрылуу жасадык. Анын үстүнө көрүнгөн оору менен ооруганды эле үй камагына чыгара бербейт, Өкмөттүн бекиткен тизмесинде 10го жакын оор оорулар көрсөтүлгөн. Мына ошого жооп берсе гана уруксат беришет. Ошондуктан Өкмөттүн токтомуна туура келгендиктен «эске алгыла» деп кайрылдык. Биз кайрылган менен Башкы прокуратура ошол замат бошотпойт. Алар кайрадан догдурлардын кортундусун талап кылышат, алар кайрадан ден соолугун текшерип чыгышат. Андан кийин гана чечим кабыл алынат».

Улуттук кардиология жана терапия борборунун жети дарыгеринен түзүлгөн топ 3-мартта Фарид Ниязовдун ден соолугун текшерип, изилдеп чыгып, III даражадагы гипертонияга чалдыкканы боюнча корутунду чыгарган. Аталган дарт менен ооругандарды абакта кармап турууга болбойт. Себеби ал Өкмөттүн 2018-жылдын 20-июнундагы токтомунда белгиленген оор дарттардын тизмесине киргизилген.

Дарыгерлер кеңешинин корутундусу Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз бар деген жыйынтык бере турганын жана анын убактылуу кармоочу жайда негизсиз кармалып жатканын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

«Буга чейин Башкы прокурорго мен да кайрылгам. Акыйкатчы институту да кайрылыптыр. Эмне үчүн Башкы прокуратурага кайрылып жатабыз? Себеби Фарид Ниязов 2020-жылдын 9-октябрында «Ала-Тоо» аянтында болгон башаламандыкты уюштуруучу катары шектелип жатат. Ошол иштин үстүнөн көзөмөл кылган — Башкы прокуратура. Эгерде Башкы прокуратура сотко кайрылып, «баш коргоо чарасын өзгөрткүлө» десе, сот сөзсүз канааттандырат. Иштин өзү саясий өңүттө болгондуктан, соттор өз алдынча тобокелчиликке барбайт». 

Эгерде III даражадагы гипертония оорусун убагында дарылабаса, келечекте инсульт менен инфаркт ооруларына алып келиши мүмкүн экенин жаш дарыгер Эрмек Исмаилов айтат.

Анын айтымында, негизи эле Кыргызстанда жүрөк, кан тамыр оорулары биринчи орунда турат жана андан инсульт, инфаркт болгон учурлар көп кездешет.

«Аталган оору ар түрдүү факторлордон улам келип чыгышы мүмкүн. Биринчиси, эгерде ата-энеси гипертония оорулары менен ооруса, алардан өтүшү мүмкүн. Экинчиден, жашоо образы да таасир берет. Эгерде адам арак ичип, тамеки тартса, ошол да себеп болот. Андан кийин семирүүдөн кан басымы көтөрүлүүгө себеп болуп, аталган диагноз коюлат. Кан басымы жогорулаганы байкалса, кардиологго кайрылышы керек. Ал кан басымын түшүрө турган дарыларды берет, аны өмүр бою колдонуп, токтотпой ичиши керек. Бир гана дары менен көзөмөлдөсө болот. Ошол эле учурда жашоо образын өзгөртүп, бир калыпка салса, балким ошондо түшүп калышы мүмкүн». 

Ал эми саясий серепчи Марс Сариев жакында Фарид Ниязов гана эмес, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да абактан чыгышы мүмкүн деп эсептейт.  Анын айтымында, Фарид Ниязовдун чыгышы ден соолугуна да, саясатка да байланыштуу. Анткени, алдыда күчтүү саясий окуялар күтүлгөндүктөн, Атамбаев жана анын тарапташтары оппозиция болбой, азыркы бийлик менен тил табышып иштеп бериши мүмкүн.

«СИЗОго отургандардын көпчүлүгүнүн ден соолугу бузулат, стресс болот, кан басымы көтөрүлөт. Аны түшүнсө болот, себеби ал көпкө отуруп калды. Чын эле ден соолугу начарлап кетти го?.. Бирок менин оюмча, азыр жакын арада мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да абактан чыгышы мүмкүн. Фарид Ниязовдун чыгышы — ден соолугуна да, саясатка да байланыштуу. Себеби ал — аябай күчтүү саясий технолог. Анан жазында кандай окуялар болушу мүмкүн экендигин да билесиңер. Ошондуктан азыркы күчтөр менен тил табышып, оппозиция болбой, Атамбаев жана анын адамдары азыркы бийликке иштеп бериши мүмкүн. Же иштеп бербесе да оппозицияга кетпейт, каршы чыкпайт. Мен оюм боюнча, Фарид Ниязов күчтүү саясий технолог болгондуктан, аны азыркы бийлик пайдаланат». 

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 5-9-октябрь күндөрү Бишкектин борбордук аянтында массалык башаламандыктарды уюштурууга катышы барларды аныктоо үчүн «массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши ачылган. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынган.

2020-жылдын 5-октябрындагы окуядан кийин бир катар саясий туткундар камактан чыккан. Анын ичинде азыркы президент Садыр Жапаров, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурунку өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, саясатчы Равшан Жээнбеков жана Фарид Ниязов да камактан бошотулган. 9-октябрда алар «Ала-Тоо» аянтындагы жүрүшкө катышып, башаламандыктар жана ок атуу менен аяктаган. Фарид Ниязов ошондой эле 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып келет.

Copyright © 2017 Maral FM