Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон толкундоолордон соң өлкөдө саясий кризис пайда болуп, бүгүнкү күнгө чейин абал оор бойдон калууда. Өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун мыйзамдуу статусу сакталуу. Ал 9-октябрда өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, кызматтан кетүүгө даяр экендигин билдирди. Серепчилердин айтымында, президенттин өз ордунда калуусу Кыргызстандагы азыркы кырдаалды тезирээк турукташтырууга салым кошмокчу.
Президент шайлоонун мөөнөтүн белгилетип, жаңы шайлоолорду өткөрүп, андан соң жаңы Жогорку Кеңеш келгенден кийин кетсе болот, анда да кайсы партиялар келет, коалиция түзө алышабы-жокпу, маселе көп. Алдыда кыш келип, ошол эле учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал туруксуз болуп, өлкө кризиске кептелген оор учурда президент мамлекеттин башында турушу керектигин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттин башында сөзсүз башчысы болуш керек.
— Азыр легитимдүү иниститут — Жогорку Кеңеш менен эле президент. Жогорку Кеңешке дагы легитимдүүлүк менен шарт түзүлүп, Конституцияны сактап иштегиле деп, мыйзамдуу жолго келиши керек. Бизде тартипке сала турган башка күч жок. Президент өзүнүн ыйгарым укугунан баш тартмайынча, аны эч ким тартып ала албайт. «Кол коюп бериңиз», — деп, Акаевдин артынан депутаттардын делегациясы барган. Бакиев учуп кетип баратканда: «Кызматымдан баш тартам», — деп кол коюп берген. Ал эми Жээнбеков эмне деп кол коюп берет? Бизге иштебей жаткандай көрүнгөнү менен, күндүр- түндүр консультацияларды өткөрүп, абалды оңдоп, акырындык менен алып кетип жатат.
Саясат тануучу Эмил Жороевдин пикиринде, азыркы кырдаалда улуттук деңгээлде бардык тараптарды бириктирген, сүйлөшүүгө алып келген диалог керек болуп жатат. Диалог болмоюнча туруктуу бир келишимге, туруктуу бир кризистин чечимине барууга мүмкүн эмес. Мына ошондой диалогдун орун алышы үчүн жана андан ары мамлекет мыйзамдык жолго түшүп, стабилдүүлүк орношу үчүн президенттин ордунда калып туруусу чоң өбөлгө болот.
— Эгерде президент азыр шашылыш түрдө бийликтен кетип калчу болсо, анда Кыргызстанда жемиштүү диалог болушу да өтө кыйын, көп тараптуу сүйлөшүүлөр да эч кандай жыйынтык алып келбейт. Кайра тирешүүлөр күчөп, күн сайын ары тартуу, бери тартуу боло берет. Президент диалогго өзүнүн легитимдүү статусун кошушу керек.
10-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду шайлаган. Бирок айрым депутаттар аталган жыйында кворум болбогондугун айтышууда. Ошол эле учурда президент «Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол кое элек. Мындай саясий оор абалда президент өз ордунда калышы керектигин саясий серепчи Марс Сариев белгиледи.
— Азыр аябай коркунучтуу учур болуп жатат. Ошон үчүн президент бийликтен кетсе, анда такыр эле хаос башталат. Баары легитимдүү эмес. Ошол себептен, президент жана Жогорку Кеңеш өзүнүн ордуна калышы керек, чогулуп бардыгын легитимдүү кылмайынча. Бардыгы легитимдүү болушу керек.
«Президент, парламент, өкмөт — үч бутак тең кыйын абалга келгенде, сыртка чыгып кетип жатат. Азыркы оор абалда Кыргызстан үчүн көкүрөгүн тосуп берген бирөө да жок экен. Ушундай шартта президент кантип кетем деп жатат?» — дейт экс-депутат, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков.
— Миң киши аянтка чыгып алып, «кетсин» десе, кетем деп жатат. Бирөө да аны кетсин деген жок. Алардын талабы бирөө гана болчу — шайлоону жокко чыгаруу. Ал эми президент эмне үчүн кетем деп жатат? Же президент элди ойлобосо, же премьер-министр ойлобосо, же парламент депутаттарды чогулта албай жатса. Мындайча айтканда, көчөдө турган адамдардын күчү, охлокатрия деп коёт, ошолор мамлекетти башкарып калышты. Каалаган депутаттарын чакырып, кворум жок сессия өткөрүп баштады. Кыргызстан кыйын абалда калды. Бүгүн ушул абалдан чыгууга бир гана мүмкүнчүлүк бар. Президентибиз эсине келип, берген антын эстеп, элге айткан убадасын эстеп, бүт саясий күчтөрдү чогултуп, алар менен кеңешип, бул кризистен чыгарышы керек. Кворум болбой, легитимсиз өкмөттүн иштеп жатканы Кыргызстандын келечегине балта чаап жатат. Бизди дүйнө жүзү кабыл албай коюшу мүмкүн.
Ошондой эле ал экономикабыз ылдый түшүп, коронавирустук кризис убагында эл ишенген, саясий күчтөр ишенген, чет өлкөдөгү мамлекеттер ишенген адам бийликке келбесе, анда Кыргызстан кыйын абалда кала тургандыгын кошумчалады.
Конституцияга ылайык, Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо үчүн кеминде 80 депутаттын добушу керек. Серепчилердин айтымында, керектүү добуштарды топтоо көйгөй жаратат жана президенттин мыйзам бузгандыгы аныкталышы керек болот. Ал болбосо импичмент өтпөйт.