Биз менен байланышыңыз

Бектур Асанов: абак-чоң сабак

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2019 | 839 | 0

Саясатчы Бектур Асанов “Марал” радиосуна берген маегинде абак чоң сабак болгонун билдирди.

Ал оппозицияда жүргөндүктөн бийлик түрмөгө камап коюушу мүмкүн деп, психологиялык жактан даяр жүргөнүн айтып, мындан улам түрмөдө жүрүү көп кыйынчылык туудурган эместигин белгиледи.

«Түрмө турмушту анализдеп, жасаган иштерди кайра карап чыгууга чоң мүмкүнчүлүк. Саясатта турганда кызматташкандар, достор көп болот. Абакка барганда карабай калгандар да болду. Аларды да туура түшүндүм. Бирок негизги достор ошол бойдон эле калды, аларга ыраазымын. Абакта отурганымда саясатчылар, журналисттер, депутаттардан Каныбек Иманалиев, Алмамбет Шыкмаматов жана башкалар келип турду. Азыр Бекназаров менен мамилем жакшы. Текебаев менен да жакшы алакадамын. Болгону 2010-жылдагы президенттик шайлоодо Текебаевдин пайдасына деп талапкерилигимди алгам. Бирок ал дагы талапкерлигин алып, Атамбаевдин пайдасына өтүп кеткени өкүнүчтүү болгон», — дейт Асанов.

Ал тунгуч президент Аскар Акаевдин доорун эки жүздүүлүктүн жана уурулуктун мезгили болгонун айтып, Курманбек Бакиевдин командасы элдин ишенимине карабай, мурдагы кырдаалды өнүктүргөнүн белгиледи.

«Андыктан оппозицияга өтүүгө туура келди. «Ак жол» партиясынын диктатору партиядан баш тартууга түрткү болду. Атамбаев да, Бакиевдей болуп коррупцияны жетектеп, эски системаны өнүктүрдү. Биздин жаңы системаны өнүктүрүү максатыбыз ишке ашпай калды«, — дейт Асанов.

Саясатчы кыргыз эли 20 жылда улут катары калыптанганын айтып, бул чоң жетишкендик экенин билдирди.

«Учурда мурдагыдай трайбализм жок. Түндүктөгү пикир менен түштүктөгү ой окшош, бирок мурда эки башка болчу. Эл улут болуп калыптана баштады. Бул мени абдан кубантат. Айрымдар улут болуу үчүн жүздөгөн жылын сарптоодо«, — дейт саясатчы.

Эске салсак, 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов «бийликти күчкө салып тартып алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын февраль айында шарттуу түрдө эркиндикке чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM